Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 17-декабрдагы кезексиз жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына Эльвира Сариеванын талапкерлигин жактырды. Муну Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы отурумунда комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди. Сариева аталган кызматка Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы тарабынан сунушталып жатат.
Учурдагы вице-премьер-министрдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин Жогорку Кеңеш бүгүн карайт. Жыйында депутаттар аталган министрликтин жетекчисин тез арада бекитүүнү сунуш кылышты. “Окуу жылы жарымдап калды, бизге министр керек. Мүмкүн болсо, бүгүнкү жыйында карап, колдоп берели”,- дешти депутаттар.
Айта кетсек, Эльвира Сариева учурда вице-премьер-министрлик кызматты аркалайт.