Дастан Бекешев "биометрикалык маалымат тапшырбагандар пенсия ала алышпайт" деген өкмөт өкүлүнө прокуратура чара көрүшү керектигин айтып чыкты

Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев биометрикалык маалымат берүүдөгү кысымдарды айтып чыкты. Депутат бул маселеде эч кандай мажбурлоо болбошу керек деп эсептейт.
"Мектеп мугалимдери окуучуларынын ата-энелерин биометрикалык маалыматын тапшырууга мажбурлап жатат. Эгер ата-энелер маалымдама алып келбесе, мугалимдер "балаңыздын окушуна кыйын болуп калат" деп жатышыптыр. №15 жана башка Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда дарыгерлерден өздүк маалыматын тапшырууну талап кылышып, эгер тапшырбаса, иштен айдала турганын айтып коркутушууда",- деди депутат.
Бекешев өкмөт өкүлдөрү "биометрикалык маалымат тапшырбаса, жарандар пенсия, жөлөк пул ала албайт" деп айтып жатканын билдирип: "Мыйзам баарынан бийик турат, минтип айткыдай вице-премьер ким болуп кетти?! Буга Башкы прокуратура чара көрүшү керек",- деп кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан