“Кыргызстан 2015-жылдан тартып өнүгүүнү баштайт деп 1993-жылы айттым эле. Менимче, өнүгүүнүн белгилери башталды”,- деп билдирди депутат Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында. “Көпчүлүгү "Президент Алмазбек Атамбаев кичи ажылыкка барып келди, эмне болуптур? Өзү үчүн ажылык кылды" деп жатышат. Туура, өзү үчүн. Бирок мамлекет башчынын зыяратка барышы - эң жакшы белги. Буга мусулмандар сүйүнүп жатышат. Мурдагы президент Аскар Акаев 1993-жылы Араб өлкөлөрүнө барып, баарын таарынтып келген эле. Ошондон бери таарынып келишкен. Алмазбек Атамбаев Араб өлкөлөрүн Кыргызстанга буруп берди. 2015-жылдан баштап арабдар аркылуу Кыргызстан мыкты өнүгөт”,- деди Бакир уулу.