“Ар-намыс” партиясы кийинки парламенттик шайлоодо аз добушка ээ болуп, тышкы жардамсыз парламентке өтө албай калышы мүмкүн”,- деди Стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Асел Дөөлөткелдиева.
Анын айтымында, шаардык кеңештерге шайлоонун жыйынтыгында аталган партия 5 эле шаарда мандаттарга ээ болгон. "Башка партиялардыкына салыштырмалуу бул көрсөткүч аз. Мисалы, КСДП 31 шаардык кеңеште, "Ата Мекен" партиясы 27 шаардык кеңеште, "Республика" партиясы 23 шаардык кеңеште мандат алышкан",- деп билдирди адис.
Эскерте кетсек, буга чейин “Партиялык өнүгүү жана аймактардагы шайлоо алдындагы кырдаал” деген темадагы сурамжылоого жалпысынан 89 саясий жана коомдук ишмер катышкандыгы айтылган. Алардын 57си партиялык кызматкер, 32си жергиликтүү байкоочулар. Изилдөө республиканын 7 шаарында өткөн: Каракол, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Токмок.