"Тегене" кениндеги көмүр сатуудан түшкөн кирешенин 2 пайызын Таш-Көмүргө которуу туура эмес экени айтылды

Аксы районунун Кичи-Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу "Тегене" көмүр кениндеги кырдаал парламенттин 18-декабрдагы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Анарбек Калматов аталган кенден түшкөн киреше жергиликтүү бюджетке түшпөй жатканын айтты. "Мыйзам боюнча, көмүр сатуудан түшкөн кирешенин 2 пайызы жергиликтүү бюджетке түшүшү керек. Бирок "Тегене" көмүр кениндеги кирешенин 2 пайызы кен жайгашкан Кичи-Ак-Жол айылына эмес, Таш-Көмүр шаарына которулууда. Аталган айыл бийик тоодо жайгашып, көмүрдөн башка эч нерсеси жок, кирешени ушул айылга которула тургандай кылышыбыз керек",- деди депутат. 
Сунушту карап чыгуу милдети өкмөткө тапшырылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан