“Баткен облусундагы бала бакчанын имаратын Аскердик комиссариат кайтарып бербей жатат”,- деп билдирди депутат Карамат Орозова Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында. Анын айтымында, Баткен шаарынын тургундары балдар бакчасы жок кыйналышууда.
“Жогорку Кеңеш менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттарын кайтарып берүү боюнча токтом кабыл алган. Бирок ал токтом иштебей жатат. Баткен шаарындагы бала бакчанын имаратына Аскер комиссариаты жайгашып алган. Комиссариат имаратты бошотуп бериши керек эле, бирок бошотпой жатат”,- деди Орозова.