Кыргызстанда сом валютасына спекулятивдик чабуул жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда маалымат жыйынында КРнын Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтымында, акыркы күндөрү курстун өзгөрүшүнөн улам акча алмаштыруу түйүндөрү пайда көрүшүүдө. "Мындай көрүнүш бизди структуралык чараларды көрүүгө муктаж кылууда. Учурда тиешелүү мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп жатабыз. Эгер бул түйүндөрдүн ээлери өз кызыкчылыктарын мамлекеттин кызыкчылыктарынан жогору бааласа, анда аларды жоюуга туура келет. Коммерциялык банктардын акча алмаштыруу өкүлчүлүктөрү гана иштейт. Аларга валюта алмаштырууга толук укук берилет",- деди Абдыгулов.
Мындан тышкары ал өлкөдө жалпысынан дээрлик он миң түйүн иштеп жаткандыгын баса белгиледи.