Анарбек Калматов: "Каржы министрлигинин "акча жок" дегенден башка жообу жок"

"Каржы министрлиги кайтарылган насыялардын эсебинен жылына 40 миллион сом алат. Бирок зарыл маселени чечүү үчүн 100 миң сом сурасаң, "акча жок" деген гана жооп берилет". Муну парламенттин 18-декабрдагы жыйынында депутат Анарбек Калматов билдирди.

"Президент өзү кийлигишип жатып Аксы районундагы Иринжит каналы араң курулуп бүттү. Ак-Терек каналына ушул кезге чейин бир тыйын бөлүнө элек. Буга дагы президент кийлигишиши керекпи? Мындан тышкары өткөн кылымдын 40-жылдары курулган мектептер бар, ичине кирсең коркосуң. Айла жок, анда окуучулар окуп жатышат. Мунун баарына Каржы министрлигинин бир эле жообу бар: "акча жок" дейт",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан