"Манас" аэропортунун авиапаркы дагы бир учак менен толукталат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 19-декабрда аэропортто Боинг 737-800 учагын салтанаттуу кабыл алуу иш-чарасы өтүп, ага биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев катышат. Жаңы учактын кыргызча аты Акмарал экени айтылды. Бул учак өлкөнүн жарандык авиациясынын тарыхындагы биринчи жаңы типтеги транспорт болору, буга чейинкилер классикалык типтеги учактар экени айтылат.
Жаңы учактын кайсы багыттар боюнча учары айтылган жок.