Өкмөт: Кыргызстандыктарды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча Орусияга 874 арыз жиберилди

Кыргызстандыктарды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча жыл ичинде Орусияга 874 арыз жиберилди. Муну парламенттин 18-декабрдагы жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирип, бул жаатта иш тынымсыз уланып жатканын айтты. Маалыматка таянсак, "кара тизмеге" жалпы 30 миңдей кыргызстандык кирип, мунун ичинен 1100 жаран тизмеден чыгарылды. "Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине түшкөн кайрылуулардын негизинде Орусиянын Федералдык миграция кызматына арыздар жөнөтүлүп жатат. "Кара тизмеге" кирип калган студенттерди тизмеден чыгарууга ыкчам чаралар көрүлүүдө",- деп билдирди вице-премьер. 
Жогорку Кеңеште адам укуктарынын корголушу боюнча атайын жыйын өтүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан