Спикер: "Адам укуктарынын сакталышы - өлкөнүн цивилизациялуулугун аныктоочу негизги көрсөткүч"

"Биздин коом үчүн адам укуктарынын сакталышы – приоритеттүү багыттардын бири",- деп билдирди спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин 18-декабрдагы жыйынында. Парламенттик демократияны өнүктүрүүдө адам укуктарын коргоо маанилүү жагдай экенин белгилеген төрага буларга токтолду: 

"Адам укуктары - биздин өлкөдө гана эмес, жалпы эле дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда турган маселе. Жакында эле "Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк жалпы декларациясынын" кабыл алынганынын 66 жылдыгына арналган иш-чаралар болуп өттү. Адам укуктарынын сакталышы - мамлекеттердин цивилизациялуулугун аныктоочу негизги көрсөткүч болуп калды. Жогорку Кеңеш кабыл алып жаткан мыйзамдардын баары адам укуктарын сактоо принцибине негизделүүдө десек болот".

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан