Айта кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Адам өлтүрүү фактысына шектелип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев кармалышкан. Шахида Аманбаева "адам өлтүрүү фактысын жаап-жашырган" деген айып менен кармалып, камакка алынган.
Облустук сот Шахида Аманбаеваны күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыраткан. Бирок абакта 3 жылдан ашуун отургандыктан, ал "жаза мөөнөтү бүткөн" деп сот залынан бошотулган.