Кыргызстанда 4 жыл ичинде саясий акцияларды өткөрүүдө коомдук тартипти бузганы үчүн 6 адам кылмыш жообуна тартылган. Муну Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев адам укуктарынын корголушу боюнча баяндама жасап жатып билдирди. Вице-премьер 4 жыл ичинде өлкөдө 4 миңдей акция өткөнүнө токтолду.
"Саясий акцияларга жалпы 190 миңдей адам катышкан. Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 6 адам кылмыш жообуна тартылса, админитративдик жоопкерчиликке 500 адам тартылган. Тынч чогулуштарды өткөрүүдө укук коргоо органдары мыйзамдарга таянып көзөмөлгө алышат. Коомдогу тартипти камсыз кылууда укук коргоо органдарына курал колдонууга жол берилбейт”,- деди Маматалиев.