Акыйкатчыга быйыл 12 миңдей жаран кайрылган

Кыргызстандын акыйкатчысына 2014-жылдын 11 айында 12 миңдей жаран кайрылган. Муну бүгүн, 18-декабрда парламенттеги баяндамасында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев билдирди. Анын айтымында, арыз-даттануулардын 68 пайызы укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу болгон.
"Ички иштер министрлиги, сот, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин туура эмес аракеттери же аракетсиздигине байланыштуу көптөгөн арыздар түшкөн. Биздин институт тарабынан системдүү түрдөгү укук бузуулар аныкталууда. Чечүүгө зарыл болгон 7 маселе боюнча атайын баяндама даярдап, парламентке жибердик. Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизип берсе, укугу бузулган жүздөгөн адамдардын укугун калыбына келтирүүгө жетише алабыз",- дейт акыйкатчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан