Кыргызстанда көп аялдуулук боюнча 4 жылда 5 кылмыш иши козголду. Муну бүгүн, 18-декабрда парламент жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. "Эки же көп кызга үйлөнүү боюнча 2010-жылдан 2014-жылга чейин 5 кылмыш иши ачылып, мунун төртөөсү сотко өткөрүлгөн. 17 жашка толо элек кыздарды никеге турууга мажбурлоо боюнча 53 кылмыш иши ачылып, мунун 33ү сотко жиберилген",- деп билдирди вице-премьер.
Айта кетсек, парламентте бүгүн адам укуктарынын корголушуна арналган атайын жыйын өтүүдө.