Адам сатуу фактысы боюнча 4 жылда 98 кылмыш иши козголду

Адам сатуу фактысы боюнча 2010-жылдан 2014-жылга чейин 98 кылмыш иши козголгон. Муну вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жогорку Кеңеште 18-декабрда билдирди. Вице-премьер адам сатууда кыйноолорго учурагандар билим деңгээли жана укуктук сабаты төмөн жарандар экенине токтолду. Адам сатууга каршы күрөшүү мамлекеттин миграциялык саясатынын артыкчылыктарынын бири экенин айтат өкмөт өкүлү. "Адам сатууга оор социалдык, экономикалык абал, жумушсуздук түрткү болуп жатат. Андан көбүнчө билим деңгээли жана укуктук сабаты төмөн жарандар жабыр тартып жатканы белгилүү",- деди вице-премьер.  

2013-2016-жылдарга карата өкмөт тарабынан адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программа бекитилгенин кошумчалады Маматалиев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан