Энергетика министри: "Ооба, жазында электр энергиясынын тарифтери 20 пайызга өсөт"

Кыргызстанда 2015-жылдын апрель айында электр энергиясынын тарифтери 20 пайызга өсөт. Муну 18-декабрда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди. "Өкмөт бекиткен тарифтик саясаттын программасында бул нерсе жазылган, апрель айынан баштап тариф кымбаттайт",- деди министр. 
Демек, 1-апрелден баштап абоненттер 700 киловаттка чейинки электр энергиясынын 1 киловатты үчүн азыркыдай 70 тыйындан эмес, 84 тыйындан төлөй башташат. 
Эскерте кетсек, азыркы тарифтер боюнча абонент 700 киловатт электр энергиясы үчүн 70 тыйындан, андан ашканына 2 сом 5 тыйындан төлөйт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан