Кара-Суу районундагы №47-мектептин спортзалы 2011-жылдан бери бүтпөй жатканы парламентте айтылды

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндөгү №47-мектептин спортзалы 2011-жылдан бери бүтпөй турат. Бул маселени Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынына депутат Айнуру Алтыбаева билдирип, курулуш компаниясына акча толук которулганын кошумчалады. Спортзалдын курулушунун жарымы гана бүткөнүн айткан депутат: “Спортзалды куруп жаткан курулушчулар кетип калышыптыр. Андан сырткары ушул эле райондун Кыдырша айылында жаңы эле курулуп бүткөн мектептин полу түшүп кеткен. Республикалык бюджеттен каражат каралып жаткандан кийин курулуштардын сапатына сөзсүз көзөмөл керек”,- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан