Өспүрүмдөрдү кыйноо боюнча 4 жылда 16 кайрылуу катталган. Түшкөн кайрылуунун ичинен 3 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу вице-премьер Абдырахман Маматалиев Жогорку Кеңеште 18-декабрда адам укуктарынын корголушу боюнча өкмөттүк күндүн жүрүшүндө айтты.
Анын айтымына караганда, 2010-жылдан бери кыйноолор боюнча 1176 факты катталса, 48 кылмыш иши козголуп, 43 иш сотко жиберилген. Андан сырткары 39 айыптоо өкүмү чыгарылган.