Депутат Наталья Никитенко: "Биз шайлоо алдында шылдыңдоо, жалган жалаа жана жеке жашоого кийлигишүүгө көп кабылабыз",- деп айтты 18-декабрда Жогорку Кеңеште. Анын пикиринде, бул бир тараптуу жазган массалык маалымат каражаттары үчүн жана жарандык уюмдар үчүн адатка айланып жатат.
Депутат массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн куугунтуктоого жана жазалоого негиз боло турган нормаларды киргизүү аракеттери болуп жатканын кошумчалады.
“Мен массалык маалымат каражаттары менен мамлекеттин ортосунда өз ара мамилелердин жаңы форматы иштелип чыгарына үмүт кылам”,- деди Никитенко.
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 4 жыл ичинде 20га жакын журналистке кылмыш иши ачылганын айтты.