Кыргызстан өткөн суткада 63,2 миллион киловатт-саат электр энергиясын пайдаланды, бул көрсөткүч нормадан 7,3 миллион киловаттка ашыкча. Маалыматты бүгүн, 18-декабрда Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди. Бишкек шаары 2,59 миллион киловатт-саат электр энергиясын нормадан ашыкча пайдаланганы айтылды. Облустар арасында электр кубатын ашыкча коротуу боюнча Жалал-Абад облусу алдыда (1,47 миллион киловатт ашыкча иштеткен). Бишкек жылуулук электр борбору басым менен иштеп, өткөн суткада 8456 киловатт-саат электр кубатын өндүргөн.