Жогорку Кеңеште мамлекеттик тил маселеси кайрадан талашка түштү

Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында мамлекеттик тил маселеси кайрадан талашка түштү. Жыйында депутаттар өкмөт мүчөлөрүнөн баяндамаларды мамлекеттик тилде жасоону талап кылышты. Депутат Ирина Карамушкина мындай аракетке каршы чыкты. “Бул жарандардын укугун бузуу. Мыйзам боюнча, баяндамачы баяндаманы кыргыз тилинде жасоого милдеттүү эмес”,- деди депутат.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов иш кагаздардын көпчүлүк бөлүгү расмий тилде жүрүп жатканын билдирди. “Эгерде депутаттар кыргыз тилинде баяндама берүүнү талап кылып жатса, бул алардын укугу. Кимдир бирөө кыргыз тилин билбесе, андан эч ким аны кыргыз тилинде сүйлөөгө мажбурлай албайт”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан