Кыргызстандагы Азиздер жана дүлөйлөр коомунун 10 миңдей мүчөсү бар

Кыргызстандагы Азиздер жана дүлөйлөр коомунун 10 миңдей мүчөсү бар. Муну парламенттин 18-декабрдагы жыйынында социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, коомдун карамагында учурда эки завод бар. "Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги жана башка министрлик менен мекемелер алар өндүргөн товарды сатып алып, каржылашат",- деди министр. 
Жыйында депутаттар аталган коомдон министрликтер товар сатып алууга милдеттүү экенин, быйыл канча суммага товар сатылып алынганын сурашты. Бирок өкмөт өкүлдөрү жооп айта алышкан жок. 
Мындан кийин депутат Төрөбай Зулпукаров: "Былтыр министрликтер аталган коомдон 72 миллион сомго товар сатып алган. Быйыл 1 миллиард сомдук товар сатып алышы керек болсо, болгону 71 миллион сомго сатып алышкан",- деп билдирди.
Айта кетсек, аталган коом иштеткен ишканалардан документ иштерине керектүү Дело № папкасы, шейшеп жана башка товарлар өндүрүлөт.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан