Владимир Путин: "Орусия экономикасы сөзсүз калыбына келет"

"Орусия экономикасы сөзсүз калыбына келет",- деп билдирди Орусиянын президенти Владимир Путин 18-декабрдагы ири масштабдагы маалымат жыйынында. Путин өлкөсүнүн валюталык рыногундагы кырдаалга көп фактор таасир этип жатканын белгилеп, мунайдын баасынын түшүшүн, спекулянттарды атады. "Биринчиден, дүйнөлүк экономиканын өсүшү сакталат. Темп төмөндөйт, бирок экономика өсөт",- деген Путин азыркыдай татаал кырдаал эң узак дегенде 2 жылга чейин уланышы мүмкүндүгүн айтты. 
Путин рублдун курсу сөзсүз көтөрүлөрүн кошумчалады. "Чет элдик валютанын курсу төмөндөп, улуттук валютанын курсунун жогорулашы мүмкүнбү? Мүмкүн. Мындай кырдаалдан чыгуу - талашсыз нерсе",- деди Путин. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан