Балыкчы жана Исфана шаарларынын мэрлерин шайлоо 2015-жылдын 6-январында өтөт. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 18-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Мэр шаайлоо саат 9дан 12чейин өтмөкчү.
Эскерте кетсек, Балыкчы шаарынын башчысы Мирлан Бообеков менен Исфана шаарынын мэри Ташполот Козубаев өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин 11-декабрдагы жарлыгы менен иштен алынган эле.
М.Бообековго кылмыш иши козголуп, былтыр декабрь айында кызматтан убактылуу четтетилген эле. Экс-мэр "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталууда.