Наталья Никитенко: "Укуктары бузулган адамдардын көйгөйүн ачыкка чыгарыш керек"

"Укуктары бузулган адамдардын көйгөйүн ачыкка алып чыгуу керек",- деп билдирди депутат Наталья Никитенко 18-декабрда Жогорку Кеңеште. Никитенко бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары менен бирге Жогорку Кеңештин тармактык комитети тарабынан өлкөдө адам укуктарынын корголушу жаатында иш-чаралар өткөрүлгөнүн билдирди. “Жакында эле адамдын аброюн басмырлаган мамилелер менен жазалоолор маселесине арналган тегерек стол өттү. Анда мамлекеттик органдардын жабык жаза мөөнөтүн өтөө мекемелеринде такай көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, укуктары бузулган адамдарга карата жасалган мамилелер жаатындагы көйгөйлөрдү ачыкка алып чыгуу чаралары белгиленди”,- деди депутат.

Никитенко убактылуу кармоочу жайларга видеокамераларды орнотуу зарылдыгын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан