Жогорку Кеңеш "Банкроттук жөнүндө" мыйзамдын беренелерине өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары 18-декабрда өлкөдөгү банкроттук жол-жоболорун ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоого алышты.

Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, банкроттук жол-жобосун жүргүзүү тажрыйбасы администраторлордун ишинин ачык-айкындуулугуна жана натыйжалуулугуна карата суроолорду пайда кылууда. Алар белгиленген ченемдерди бузуп, өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай, банкроттук жол-жобону жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруп келишет. Ошондон улам кредиторлордун кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо жана администраторлордун ишинин натыйжалуулугун кеңейтүү, тартипти чыңдоо, чыгымдарды кыскартуу жана банкроттук жүрүмдүн ачыктыгын камсыз кылуу чаралары сунушталууда. Банкроттукка кабылган ишканалардын башкаруучуларынын отчёттуулугун жакшыртуу талаптары да коюлуп жатат.

Мыйзам долбоору менен айыл чарба өндүрүшүндө иштегендердин банкроттугу жаатында ишмердиктин ушул түрүнүн өзгөчөлүгүн эске алган жаңы укуктук ченемдер киргизилет жана иштеп жаткан "Банкроттук жөнүндө" мыйзам “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга ылайык келтирилет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан