“Кыргызстандын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 18-декабрда 1-окууда кабыл алды. Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун айтымында, видео жана аудио өндүрүү чөйрөсүндө технология жакшырып, маалымат алып жүрүүчү технологиялар көп маалымат камтып калды. Азыркы тапта кымбат баалуу чоң долбоорлордон сырткары бардык кинопродукция санариптик технологияны пайдаланат. Буга байланыштуу мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн жогорудагыдай мыйзам долбоору иштелип чыккан. Долбоор техникалык мүнөздө болуп, мыйзамдын маани-маңызы өзгөрбөйт.