“Нарын шаарынын тургундары электр энергиясына болгон бааны арзандатуу боюнча тынч митингге чыгышып, милиция тарабынан куугунтукталды”,- деп билдирди депутат Данияр Тербишалиев бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште. Милиция митингге чыккандарды үйлөрүнө чейин кууп барып, суракка алганын айткан депутат Ички иштер министрлигине кайрылды. “100 киши тынч митингге чыгып, куугунтукталды. Алай эли бир ай жолду тосуп, мамлекетке каржылык зыян алып келгендиги үчүн эмнеге чара көрүлгөн жок? Эмне, бул укук коргоо органдарынын эки жүздүүлүгүбү же бийликке кошоматтык кылуубу?” деди депутат.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов депутаттын айтканы чындыкка жатпай турганын билдирди. “Нарын шаарынын эли 16-декабрда митинг өткөрүү боюнча шаар мэрине кайрылып, уруксат алган. 17-декабрда митинг өткөрүп, талабын айтып, таркап кеткен. Эч ким куугунтукталган эмес”,- деди Асанов.