КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өзүнүн Латвияга болгон расмий иш сапарынын алкагында 18-декабрда аталган өлкөнүн президенти Андрис Берзиньш менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар кыргыз-латыш мамилелери сый-урматтын негизинде өнүгүп келе жатканын белгилеп өтүштү. Министр Э.Абдылдаев Кыргызстан Латвия менен комплекстүү кызматташууга кызыкдар экенин айтып, кызматташты өнүктүрүүгө багытталган сунуштар жөнүндө маалымдады.
Ошондой эле бүгүн Эрлан Абдылдаев Латвиянын тышкы иштер министри Э.Ринкевич жана Латвиянын Сеймасынын төрагасы Гундарс Даудзе менен жолугушуу өткөрдү.