Путин бойдок жүрүшү тууралуу: "Кыжалат болбогула, менде баары жайында"

Бүгүн, 18-декабрда Орусия президенти Владимир Путин жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын берүүдө. Жыйында журналисттер Путиндин бойдок жүрүшү тууралуу "Учурда президенттин жеке жашоосуна убакыт барбы?" деп сурашты. Суроого президент кыска жооп берди. 
"Менден кам санабагыла, баары жайында. Болуп өткөн окуядан кийин Европадагы тааныштарымдын бири "Владимир Владимирович, сизде сүйүү барбы?" деп сурады. Кандай мааниде экенин сурасам, "Сиз сүйгөн бирөө барбы?" дейт. "Албетте" деп жооп бердим. Ал менден "А сизди сүйгөн бирөө барбы?" деп сурады, "ооба" дедим. Ошондо "Кудайга шүгүр" деп туруп колундагы аракты ичип жиберди. Мени биротоло башкача элестетип алса керек. Тынчсызданбай эле койгула, менде баары жайында",- деди Путин.   
Мурунку жубайы тууралуу: "Людмила Александровна менен мамилебиз жакшы, маал-маалы менен көрүшүп турабыз",- деп кошумчалады президент. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан