"Бишкектин көчөлөрүн жөө кыдырып чыгам" дейт депутат Абдиев

Жогорку Кеңештин депутаты Курмантай Абдиев эртең, 19-декабрда өкмөт мүчөлөрү менен бирге Бишкектин көчөлөрүн жөө кыдырып чыгат. Мындай демилгени депутат Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында көтөрүп чыкты. Ал вице-премьер-министр Эльвира Сариевага кайрылып, өзү менен бирге чыгууга өкмөт мүчөлөрүн кошуп берүүнү суранды.

“Бишкектин көчөлөрүн кыдырып чыксаңар көрөсүңөр, жарнактардын көбү башка тилдерде жазылып турат. Эмне үчүн муну өкмөт көзөмөлгө албайт? Мен эртең Бишкектин көчөлөрүн кыдырып чыгам, бир министрди кошуп бергиле”,- деди депутат. 

Сариева депутаттын сунушуна макул экенин айтты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан