Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министрлигине Эльвира Сариеванын талапкерлигин карап жатат

Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин сунушу менен билим берүү жана илим министри кызматына көрсөтүлгөн Эльвира Сариеванын талапкерлиги каралып жатат. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Сариеваны конкреттүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү экенин айтты. Депутат Курмантай Абдиев аны вице-премьер-министр болуп иштөөдө жакшы такшалып калганын айтып, министрликтин ишин алдыга жылдырып кетерине ишенерин билдирди.

Айта кетсек, Сариева учурда вице-премьер-министрлик кызматты аркалап келет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан