Кыргызстанда конфискацияланган мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби жаңы жобо менен регламенттелет

“Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзам кабыл алынганга чейин республикада конфискацияланган мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби Мамлекеттик салык инспекциясынын 1994-жылдын 18-августундагы №22 “Конфискацияланган, ээси жок мүлктү, мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөрүлгөн мүлктү жана кенчтерди эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө” нускама менен регламенттелчү. Аталган нускама жогоруда аталган мыйзам 2009-жылы кабыл алынгандан кийин күчүн жоготкон.

Кээде, конфискацияланган, ээси жок мүлктү, мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөрүлгөн мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартибин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук акт болбогондуктан, бул маселе эч кандай документ менен регламенттелчү эмес.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан "Конфискацияланган, ээси жок жана мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөрүлгөн мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө" жобо иштелип чыккан. Аталган жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилип, 2014-жылдын 3-октябрынан баштап күчүнө кирген. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 18-декабрда маалымдады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан