Тайырбек Сарпашев "Макмал алтынга" инвесторлорду тартуу боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды

Бүгүн, 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо райондук кеңешинин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө райондун көйгөйлүү маселелери талкууланды. Райкеңеш төрагасы Дамир Тагайбек уулу билдиргендей, учурда Тогуз-Торо районунун тургундары "Макмал" алтын комбинатынын келечегине кабатырланууда. "Макмалда" 1200 адам эмгектенет. Бүт район ушул комбинатка кармалып турат деп айтсак болот. Үстүбүздөгү жылы комбинат 4 ай иштебей тургандыгына байланыштуу жумушчулар айлык акы албай, жергиликтүү бюджетке салык түшпөй калган",- деди ал.

Анын айтымында, учурда комбинат иштөөдө, кен шахталык ыкма менен казылууда. "Бирок жаңы жылда комбинаттын жумушчуларын 400 адамга кыскартуу пландаштырылып, ошондой эле комбинаттын дагы 4 ай туруп калуусу күтүлүүдө. Азыр тургундар бир гана нерсени, комбинаттын туруктуу иштеп кетүүсүн камсыздоо үчүн инвесторлорду тартууну өтүнүп жатышат. Болжолдор боюнча, "Макмал алтын" уулуу заттарды көмгөн жайда 6 тоннага жакын алтын бар экендиги айтылууда. Аны кайра иштетүүнү сунуштайбыз. Мындан тышкары "Кылдоо" алтын кен тилкесин "Макмал алтынга" бөлүп берүү маселесин кароону сунуштайбыз, анда болжол менен 6,5 тонна алтын бар деп айтылат. Бирок аталган тилке боюнча көйгөй жаралууда, анткени ал Саймалуу-Таш жаратылыштык корголуучу аймагына карайт. Көмүр кени бар Миң-Теке аймагы да жаратылышты коргоо боюнча аянтка киргизилген. Бирок ал тилкелер Саймалуу-Таштан 30-40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ошондуктан биз өкмөттөн жерлерди трансформациялоо маселесин чечип берүүнү өтүнөбүз",- дешти депутаттар.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бардык көтөрүлгөн маселелерди өзү жеке көзөмөлгө алат. Т.Сарпашев аталган жерлерди жеринде иликтөө үчүн иштиктүү топ түзүүнү тапшырды. "Жыл соңуна дейре иштиктүү топтун бардык мүчөлөрү Тогуз-Торо районуна барып, бардык көйгөйлөр менен таанышуусу тийиш. Ошондой эле жаратылышы корголгон аймакты да барып көрүү зарыл. "Макмал" – эң ириде социалдык долбоор жана ал Тогуз-Торо районун багууда. Өкмөткө жана элге туруктуу иштеген комбинат керек жана бул багытта иштер активдештирилет",- деди Т.Сарпашев.

Биринчи вице-премьер-министр маалымдагандай, жакынкы жумаларда ал Тогуз-Торо районуна барууну пландаштырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан