Президент
Владимир Путин Орусияда болуп жаткан бардык иштер боюнча жоопкерчиликти моюнга алуудан качпай турганын билдирди.
"Өлкөдө эмне иштер болбосун, анын баарына биринчи кезекте мамлекет башчы жоопкерчилик алат. Андан кийин калгандарынын жоопкерчилиги каралат. Мындай жоопкерчиликтен мен качкан эмесмин, мындан ары да качпайм. Экономикалык жагымсыз кырдаалдан сөзсүз өтөбүз, жөн эле өтпөй, өзүбүздүн ички жана эл аралык аренадагы позициябызды бекемдеп чыгабыз. Мен муну ишенимдүү түрдө айта алам",- деди Путин.
Мамлекет башчы кийинки президенттик шайлоого катышар-катышпасын азыр айта албай турганын, кырдаалга жараша шайлоо жакындаганда чечим кабыл аларын айтты.