Европалык союз Крымга каршы санкциялардын тизмесин кабыл алды. Муну менен европалыктарды Крымга турист болуп баруусуна жана инвестиция салуусуна тыюу салынмакчы. Чет элдик маалымат булактары жарыялашкандай, санкциялар 20-декабрь күнү күчүнө кирет. "20-декабрдан баштап Крымга жана Севастополго инвестиция салуу мыйзамсыз. Европалык компаниялар аталган жарым аралдан кыймылсыз мүлк же ишкана сатып алуусуна, крымдык компанияларды каржылоосуна буга байланышкан кызматтарды көрсөтүүсүнө жол берилбейт",- деп айтылат биримдиктин билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, Евробиримдик менен АКШ Москвага жана айрым орусиялык жарандарга каршы экономикалык санкцияларынын биринчи пакетин 2014-жылдын март айында киргизген. Тагыраак айтканда, батыштын санкциялары Орусия Крымды Украинадан тартып алгандан кийин киргизилип баштаган.
Жооп катары Орусия өзүнө санкция жарыялаган өлкөлөрдөн айыл чарба азыктарын импорттоону токтоткон. Бул өлкөлөрдүн катарында АКШ, Евробиримдиктин өлкөлөрү, Канада, Австралия жана Норвегия бар.