Геология агенттиги: "Тоо-кен тармагын көзөмөлдөө саясаты жок" деген сөз чындыкка жатпайт

"Кыргызстандын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин "Кыргызстанда учурда тоо-кен тармагын башкаруу жана көзөмөлдөө боюнча саясат жок" деген билдирүүсү чындыкка жатпайт". 
Мындай билдирүүнү 18-декабрда Геология жана минералдык ресурстар агенттиги жасады. Агенттик буларды кошумчалады:  
"Белгилүү болгондой, тоо-кен тармагы боюнча саясатты Экономика министрлиги аныктайт, Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги тармак боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Акыркы мезгилде тармакта жакшы иштер жасалып жатканын белгилеп коюу зарыл. Инвестиция тартуу максатында "Жер-Үй", "Бел-Алма", "Тегене" сыяктуу ири кендер боюнча агенттик бир катар сынактарды жарыялады". 
Ушуларды жана башка сандык көрсөткүчтөрдү билдирген мекеме "тоо-кен тармагын башкаруу саясаты жок" деген маалыматка кошулбай турганын кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан