Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңеште калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө мыйзамдын аткарылышы тууралуу парламенттик угуу өттү.
Депутат Дамира Ниязалиеванын берген маалыматына караганда, дүйнө жүзүндө өткөн 20 жыл аралыгында рак дарты менен ооругандардын саны 70 пайызга өскөн. Кыргызстанда ашказан рагы, эмчек рагы, өпкө рагы, жатын рагы биринчи орунда турат. Жыл сайын 5 миңден ашык адам рак дартына чалдыгууда. Тилекке каршы, Кыргызстандын андай дартка өз деңгээлинде каршы турууга чамасы жетишсиз.
"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" мыйзам 15 жыл мурун кабыл алынып, декларативдүү мүнөздө болуп калгандыктан, азыркы учурдун талаптарына жооп бербейт. Мисалы, мыйзамда акысыз дарылоого, диагноз коюуга, дары-дармек менен камсыз кылууга кепилдиктер берилген. Бирок алардын баары бейтаптар тарабынан төлөнүп келет",- дейт депутат.
Депутат Ирина Карамушкина туура эмес операция жасап, адамдардын ден соолугуна зыян келтирген дарыгерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды. "Депутаттарга көп кайрылуулар түшүп жатат, алар бир катар дарыгерлерге кылмыш иштери козголгону менен, жеңил-желпи кутулуп кеткенин билдиришүүдө. Көзөмөлдү күчөтүү керек",- дейт Карамушкина.
Жыйын жүрүшүндө Бишкектеги Онкология борбору өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо программаларынан сырткары калганы, онкология жаатында атайын улуттук программа менен стратегиялык пландар иштелип чыкпаганы айтылды.
Парламенттик угуу жыйынтыгында өкмөткө жана саламаттыкты сактоо министрлигине онкологиялык дартка чалдыккан адамдарды дарылоо ишин жакшыртуу, Улуттук онкологиялык борбордун жабдууларын жаңыртуу чараларын көрүү тапшырмалары берилди. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жалпы саламаттыкты сактоо тармагында реформа жүргүзүүгө убада берди.