Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Касымалы Жантөшевдин тандалган чыгармаларынын 5 томдугу кайрадан 1000 нуска менен басылып чыкты. Жазуучунун тандалган чыгармалары облустук, мамлекеттик, жогорку окуу жайлардын жана Жогорку Кеңештин китепканасына таратылды. Китепке анын “Каныбек” романы, “Эки жаш” повести сыяктуу бир топ чыгармалары киргизилген. Китепти басып чыгарууга Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан жана ишкерлер коому тарабынан көмөк көрсөтүлгөн.
Касымалы Жантөшев 1904-жылы Түп районунун Тепке айылында туулган. Фрунзедеги педтехникумду бүтүргөн. Чыгармачылык жолу ырларды жана пьесаларды жазуу менен башталган. “Карачач”, “Алым жана Мария”, “Дар-даш”, “Өч”, “Эл ырчысы” пьесаларын, “Курманбек” драмасын жазган. Ошондой эле “Хан-теңирлик чабан”, “Каныбек” романдарын жараткан. Эки жолу Ардак белгиси ордени, медалдар, Жогорку Советтин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ысык-Көл облустук драма театрына анын аты берилген. 1968-жылы 64 жаш курагында дүйнө салган.