Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны министрликтин борбордук аппаратына тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сариеваны жамаатка тааныштыруу учурунда өкмөт башчы Оторбаев: "Сариева билим берүү тармагы менен жакшы тааныш. Вице-премьер-министр болуп турганда да өз жумушунда жакшы жыйынтыктарды көргөздү. Анда билим берүү тармагын реформалоого жетиштүү тажрыйба жана билим бар. Алдына коюлган тапшырмаларды аткарарына мен ишенем",- деди.