Тоң райондук ички иштер башкармалыгына Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну кайрылып, 14 жаштагы кызы октябрь айынын аягында Кубакы аймагындагы "Жол-Булак Евразия" кафесине иштегени кетип, ошол бойдон дайынсыз экенин билдирген. Иликтөөдө аталган кафенин Элиза аттуу ижарачысы, анын күйөөсү Кайрат жана атасы Таштан кызды Чүй облусунун Кичи-Кемин айылынын Нурлан аттуу тургунуна 15 миң сом жана 1 койго сатып жибергени аныкталган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы 22-декабрда кабарлады.