Кыргызстандын мурунку жарандарынын өлкөдөн турак жай сатып алуусун жеңилдете турган мыйзам коомдук талкуудан өтөт

Бүгүн, 22-декабрда Кыргызстандын мурунку жарандарына өлкөгө кайтып келгенден кийин жер жана турак жай алууга, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө уруксат берүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт. Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаевдин билдиришинче, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кытайдын жарандыгын алган кыргыздарга мындай укук берилбейт. Бул укук өзгөчө Орусияда жашаган кыргыздар үчүн берилүүдө. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан