Кыргызстанда учурда 2207 мектеп жана 55 жогорку окуу жайы бар. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаевге шилтеме берүү менен өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Кыргызстандын орто мектептеринде 47 500 мугалим, жогорку окуу жайларында 14 миңден ашык окутуучу иштейт. Мектептерде 1 миллиондон ашык окуучу, жогорку окуу жайларында 223 миңдей студент билим алууда. Мугалим - кыргыз коомчулугунун элитасы, алар биздин балдардын келечегине жоопкер. Билимсиз коомдун келечеги жок",- дейт Оторбаев.
Өкмөт жетекчиси илим тармагын реформалоо жана аны каржылоо системин кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.