“Бажы биримдигинин мүчөлөрү тарабынан олуттуу колдоо таптык. Орусия менен биргеликте миллиард доллар өлчөмдөгү жана 500 миллион уставдык капиталы менен Кыргыз-орус өнүгүү фондун түздүк. Биринчи 100 миллиону быйылкы жылдын 31-декабрына чейин түшөт”,- деп билдирди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев орусиялык басылмалардын бириндеги маегинде.
Өлкө башчынын айтымында, аталган фонддун каражаты Кыргызстанга да, Орусияга да пайда келтирген конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалмакчы. “Негизги долбоорлор логистика, тигүү, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана ипотекалык насыя берүү тармактарына байланыштуу. Фонддун кызматы, эң биринчиден, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнүн алкагында жеке ишкерлерди колдоо жана атаандаштыкка жарамдуулукту жогорулатууга багытталышы керек деген пикирдемин. Бул биримдикке кирүүнүн пайдасы көп”,- деди Атамбаев.