Алмазбек Атамбаев энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-декабрда энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу энергетиктер жана тармактын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана Кыргызстандын электр энергетика тармагынын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы менен куттуктайм!

Ушул майрамда биз Кыргызстандын энергетика системинин негизин түптөгөн тармактын ардагерлеринин салымын өзгөчө жылуу сезим менен эстейбиз.

Советтер Союзу кулагандан кийин энергетиканы карабай койгонубузду моюнга алууга тийишпиз. Жылдан-жылга керектөө көбөйүп жатса да, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизген жокпуз. Ага карабастан, энергетика тармагы өлкөбүздүн экономикасына, калкка жана социалдык чөйрөгө тирек болуп келүүдө.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, бүгүн энергетикада улуттук ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алар бизге калкты жана өлкөнүн өнөр жайын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадын кура баштадык. "Датка" жана "Кемин" көмөк чордондорун куруп бүттүк. "Датка-Кемин" жогорку вольттуу электр берүү линиясын тартуу аягына чыгып калды. Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу үчүн каражаттарды издеп жатабыз. "Кара-Кече" жылуулук электр станциясынын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча иш жүрүүдө. Өлкөнүн түштүк облустарын өздүк газ менен камсыз кылуу боюнча чечим кабыл алынды. Ушул жана башка ири долбоорлорду ишке ашыруу республиканын энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстан - энергия ресурстарына бай өлкө. Алар калктын гана эмес, өнөр жай объекттеринин да муктаждыгын жана керектөөсүн көп жылдар бою камсыз кыла алат. Биз отун-энергетика баланстарын диверсификация кылууга тийишпиз. Жакынкы жылдары биз электр энергиясын импорттобой, тескерисинче, аны экспорттогон өлкөгө айланышыбыз керек.

Кыргыз энергетикасы өлкөнүн бүткүл экономикасын алдыга тарткан локомотивге айланат деп терең ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бардык жакшылыктарды каалайм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан