Бишкекте бүгүн, 22-декабрда 5 гектардан аз аянттагы айыл чарба жерлерин майдалап бөлүп пайдаланууга тыюу салчу мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтүп жатат. Жыйында демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорунун максаты айыл чарба жерлерин ирилештирүүгө багытталганын айтты.
Ага ылайык, жубайлар ажырашкандан кийинки жалпы мүлктү бөлүштүрүүдө жер тилкеси күйөөсүндө калтырылат. Жер тилкесинин базар шартындагы баасы аныкталып, соттун чечими менен күйөөсү аялына жер тилкесинин жарым баасындагы сумманы компенсация катары төлөп берүүгө милдеттендирилиши керек. Соттун чечими жок болсо, жер тилкесин аукционго коюу керектигин, мындай учурда жерди көбүнчө коңшулары сатып алып, жер тилкелери ирилеше турганын айтат Текебаев.