Майлуу-Суу лампа заводуна 50 жыл толду

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводуна 50 жыл толду. Буга байланыштуу Майлуу-Суу шаарында салтанаттуу иш-чара өтүп, заводдун жумушчулары өкмөттүн Ардак грамота жана белектери менен сыйланышты. Маалыматка таянсак, аталган завод учурда лампанын жүздөн ашык түрүн чыгарат. Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев завод өлкөнүн стратегиялык жайларынын бири экенин белгилеп, алдынкы кызматкерлерге сыйлыктарын тапшырды. Заводдун эки кызматкерине премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин аты жазылуу атайын сааттар тапшырылганын 22-декабрда Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан