Депутат Гүлнара Жамгырчиева 2009-жылы 4 жылга соттолгонун айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Жамгырчиева 2009-жылы 4 жылга соттолгонун бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында Жамгырчиеванын комитет мүчөлөрүнө жолдогон кайрылуусу каралып, депутат маалымат берди. 

"2009-жылы 23-июлда өткөн президенттик шайлоодо Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында байкоочу болуп, шайлоо комиссиясынын курамына киргем. Шайлоо жүрүшүндө мыйзам бузуу фактылары катталгандыктан, мыйзамсыз иштер болуп жатканын айтып чыкканымда, аймактык комиссиянын төрагасы мени сүйрөп сыртка чыгарып салган. Кайра кирүүгө аракет кылсам, бет кап кийген балдарды алып келип, ур-тепкиге алып, чачымдан сүйрөп машинага салып Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына алып барып, 4 саат камакка алып, муунтушкан. Андан кийин Балыкчы шаардык соту "бийликке каршы курал колдонууга аракет кылды, коомдук тартипти бузду жана шайлоо жүрүшүн үзгүлтүккө учуратты" деген айып тагып, кылмыш ишин козгоп, 2009-жылдын декабрь айында 4 жылга кесилгем",- деди Жамгырчиева.

Депутат үстүнөн козголгон иши 2010-жылы жабылганын кошумчалады.  

"Ошол кезде бет кап кийип, мени сабап, машинага салгандардын бири - Руслан Сариев. Учурда ал фамилиясын Султангазиев деп өзгөртүп алган. Андан сырткары мени убактылуу камоочу жайда муунткандар Шамил Молдокматов менен Кыязбек Күрүчбековдор болчу. Ал эми прокуратура мага туура эмес айып такканы боюнча иш 2010-жылдын май айында жабылып, акталып чыккам. Мени уруп, кыйноого алгандарды 2010-жылы сотко бергем. Тилекке каршы, муунткан факты боюнча гана иш жүрүп жатат, калганы токтотулган. Себеби мен атын атаган кишилер ошол кезде облустук прокуратурада иштеп жүрүшкөн болсо, азыр Башкы прокуратурада иштешет. Мына ушул нерсе тоскоолдук жаратууда. Менин аракетим жетпей, айлам кетип комитетке кайрылып жатам",- деди Жамгырчиева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан