Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Бүгүн, 22-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга Улуттук банктын өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана Кыргызстандын банк системинин ишенимдүү ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилди.

Алмазбек Атамбаев менен Толкунбек Абдыгулов 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган, тактап айтканда, каржы мекемелеринин жана ишкерлердин арзан жана көп мөөнөттүү насыяларды алууну жакшыртууга байланышкан каржы секторун өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулашты.

Мамлекет башчы Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдө экономикалык кырдаалга Улуттук банк тарабынан мониторинг жүргүзүүнүн жана улуттук экономикага мүмкүн болгон тышкы таасирлерден тобокелдиктерди максималдуу азайтуу маанилүү экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан